Коом

Май 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
28/10 15:07
 

Ататүрк – Ала-Тоо эл аралык университетинин студенттери Жогорку сотто болушту

Бишкек, 28-октябрь /Кабар/. Бүгүн, 2016-жылдын 28-октябрында Ататүрк – Ала-Тоо эл аралык университетинин юридикалык факультетинин студенттери жазык процесстер боюнча практикалык сабагынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы имаратында болушту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Студенттерди Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева жана соттун аппаратынын кызматкерлери тосуп алышты. Иш-чаранын алкагында студенттерге соттун ичинде экскурсия өткөрүлдү. Жогорку соттун басма сөз катчысы А. Токтошева сот отурум залдарын, Пленум залын көрсөтүү менен бирге имараттын тарыхына да токтолду. Студенттер сот залдарындагы судьялардын иштеген орундарында отуруп жана сот отурумунун мини-имитациясын өткөргөнгө мүмкүнчүлүк алышты.

Басма сөз катчы Жогорку соттун жаңы имаратка ээ болушу - бул жалаң гана сот системасы гана эмес, жалпы өлкөбүз үчүн чоң жетишкендик экенин жана бардык жүргүзүлгөн иш-чаралар, соттордун өлкө башчыбыз тарабынан демилгеленген сот реформасынын алкагында жүрүп жатканын баса белгиледи.

Жаш муундун бардык кызыктырган суроолоруна А.Токтошева жооп берди.

Студенттер менен бирге сотко Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев жана Ататүрк – Ала-Тоо эл аралык университетинин юридикалык программасынын доценти Аскар Жакупбеков келишти.

Иш-чаранын соңунда Д.Бекешев жана А.Жакупбеков Жогорку соттун өкүлдөрүнө кызыктуу экскурсия үчүн ыраазычылыктарын билдиришти жана студенттерге мындан аркы окуусуна ийгиликтерди каалашты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу