Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
28/10 14:57
 

УИАнын кызматкерлерине жарандык коопсуздук боюнча окутуулар жүргүзүлдү

УИАнын кызматкерлерине жарандык коопсуздук боюнча окутуулар жүргүзүлдү

Бишкек, 28-октябрь /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Бүгүн, 28-октябрда Кыргыз Улуттук илимдер академиясында өрт коопсуздугуна каршы чара көрүү жана жарандарды өзгөчө кырдаал мезгилинде ыкчам куткаруу боюнча окутуу жүргүзүлдү. Бул тууралуу КР УИАнын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Жарандык коопсуздукту коргоо боюнча командирлер менен жалпы кызматкерлер атайын практикалык окууга тартылды. Анда өзгөчө кырдаал учурунда жарандардын мекемеден тез арада сыртка чыгууга жетишүүсү, жабыркаган жарандарды эвакуациялоо, аларга “тез жардам” кызматына чейинки алгачкы жардамды көрсөтүү, ошондой эле өрт өчүрүүчү баллонду туура колдоно билүү иш жүзүндө көрсөтүлдү. Иш-чара учурунда кызматкерлерден түзүлгөн куткаруучулар менен санитарлардын тобу ыкчам аракеттерин көрсөтүштү.

Мындан ары өрткө жана башка өзгөчө кырдаалдарга байланышкан окутуулар жалпы институттарда уюштурулуп, жогорудагыдай жарандардын коопсуздугун коргоо боюнча иш-чараларды штаб жетекчилери өткөрө турган болду. Андан сырткары, адам өмүрүнө залал келтирүүчү кырдаалдарды алдын-алуу аракеттери учурдун талабы болуп тургандыктан, 2017-жылга карата атайын план түзүлүп, жол-жоболору иштелип чыга турганы белгилүү болду.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу