Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
28/10 14:54
 

Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздарга гумжардам жеткиргендер сыйланды

Бишкек, 28-октябрь /Кабар/. Бүгүн КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматында Афганистан Ислам Республикасындагы Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүү боюнча экспедициянын мүчөлөрүн сыйлоо аземи болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Б.Адылов гуманитардык экспедициянын мүчөлөрүн куттуктап жатып, ар бир катышуучу Өкмөттүн бул иш-чарасына баа жеткис салымын кошту деп белгилеп, чыдамкайлыгы, кайраттуулугу жана сабырдуулугу үчүн ар бирине ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, ал өз сөзүндө Кыргызстандын атынан Памир кыргыздарына жеткирилген гуманитардык жардамдын ар бир үй-бүлөнүн колуна берилгенин өзгөчөлүк деп белгиледи.

КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын ардак грамотасын жана ыраазычылык баракчасын экспедиция учурунда кайратман иштери үчүн бары алышты. Ошондой эле, гуманитардык экспедиция уюштурууга жардам бергени үчүн Тажикстан жана Афганистандын расмий бийлигине ыраазычылык каттар жөнөтүлдү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу