Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
28/10 12:43
 

А.Зейналиевдин лицензиясыз клиникасындагы оорулуулар мамклиникага которулуудан баш тартышты - Бурул Өмүрбекова

Бишкек, 28-октябрь /Кабар/. Ашим Зейналиевдин лицензиясы жок клиникасында жатышкан оорулуулар мамлекеттик адистешкен клиникага которулуудан баш тартышты. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жана фармацевтиктик ишкердикти лиценциялоо бөлүмүнүн башчысы Бурул Өмүрбекова билдирди.

Ал жакында ал жерге Саламаттыктыкты сактоо департаментинин, Улуттук онкология борборунун жана ИИМдин кызматкерлери биргелешип барышканын белгиледи.

“Ал жерде 16 оорулу жатат. Бардыгы менен сүйлөштүк, бирок эмнегедир бардыгы тең мамлекеттик адистешкен клиникага которулуудан баш тартышты. Бардыгы тең ачуулу, аларды белгисиз дарылар, чөптөр менен дарылап жатышыптыр, мүмкүн ошондуктан алардын акыл-эсин башка жакка буруп жатышы күмөн эмес. Биз 4 тез жардам машинасы менен бардык. Бир да оорулуу макул болгон жок”,-деди ал.

Ал эми Саламаттыкты сактоо департаментинин башчысынын орун басары Тилек Жантайбеков оорулууларды мамлекеттик адистешкен клиникага күчтөп которуу мүмкүн эместигин белгиледи.

“Ал жерде Бишкектен бир да адам жок, негизинен анда Ош жана Жалал-Абад облустарынан келгендер жатышат”,- деди ал.
Мындан тышкары, Т.Жайнтайбеков учурда лицензиясы жок, мыйзамсыз клиниканын ишмердигин укук коргоо органдары текшерүүгө алгандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган клиникада 4 стадиядагы рак оорулуулар жатышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу