Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
28/10 11:46
 

Мээрбек Мискенбаев депутаттык мандатын тапшырат

Бишкек, 28-октябрь /Кабар/. Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаев депутаттык мандатын тапшырат. Бул тууралуу өзүнүн фейсбук баракчасында билдиргенин СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы кабарлады.

«Парламент – бул ар кандай интригалардын жана саясий оюндардын да чордону экенине дагы бир жолу ишендим. Анда көптөгөн кызыкчылыктар кесилишет. Ал эми карапайым элдин арасынан чыккан мен үчүн мунун баары кызыксыз. Мен үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомчулуктун көңүл борборунда болуу да көнүмүш эмес.

Акыркы күндөрү мына ушулардын тегерегинде ойлонуп, депутаттык мандатымды тапшырууну чечтим. Депутаттык – мен үчүн эмес экен. Ошондуктан, мурдагы коомдук ишиме кайрылууну чечтим. Мен парламентке “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинен келгем. Эми кайра барып, 7-апрелде жабыр тарткандарды коргоо ишин улантам.

Мен бардык шайлоочуларга, өзгөчө менин жердештериме – таластыктарга, менин “Айкөл Ала-Тоо”, “Мекен шейиттери” жана башка коомдук бирикмелердеги үзөңгүлөштөрүмө, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттарына, бирге иштешкен башка депутаттарга ыраазычылык билдирем», - деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу