Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
27/10 18:19
 

Сооронбай Жээнбеков Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жана КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Минскке келди

Сооронбай Жээнбеков Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жана КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Минскке келди

Бишкек, 27-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-октябрда, Беларусь Республикасынын Минск шаарына Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Эртең 28-октябрда Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын жыйынына каташышат. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйында КМШ жана Евразия экономикалык бирлигине кирген мамлекеттердин кызматташтыгы тууралуу актуалдуу маселелер каралат.
Сооронбай Жээнбековдун Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышуусунун алкагында, анын эки тараптуу жолугушуулары да пландалган.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Олег Панкратов, Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу Замирбек Айдаров, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Азамат Сулайманов жана башка расмий өкүлдөр бар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу