Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
27/10 15:29
 

Кыргызстандык учкуч Союзбек Салиев жер шарын айланып, Мекенине кайтып келди

 Кыргызстандык учкуч Союзбек Салиев жер шарын айланып, Мекенине кайтып келди

Бишкек, 27-октябрь /Кабар/. Бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00до кыргызстандык учкуч жерди айланып учуусун аяктап, “Манас” аэропортуна конду.

С.Салиев өзүнүн 72 жаштагы литвалык штурманы Йонас Жукнус менен жерди айланып учкан, ал жер шарын 2012-жылы  айланып чыккан. Алар жеңил бир моторлуу Mooney Ovation-2 самолету менен учушкан. 

Капитан С.Салиевдин айтымында, өзүнүн саякатын 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арнаган. Ал жанына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белек кылган мамлекеттик желекти ала жүргөн.

Эскерте кетсек, С.Салиев Бишкектен үстүбүздөгү жылы 25-августта учуп кеткен. Саякат учурунда араб чөлдөрү, африка талаалары, бразилиянын чытырман токойлору, Амазонка дарыясы жана башка жерлер аркылуу дүйнөнүн 26 өлкөсүнүн үстүнөн жалпысынан аба майданында 47,6 миң километрди басып өткөн.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу