Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
27/10 15:02
 

Мародерлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, улутташтырылган объектилерге байланышкан фактыларды изилдөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны болот

Бишкек, 27-октябрь /Кабар/. Эртең, 28-октябрда Жогорку Кеңеште 2010-жылы болгон мародерлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, ошондой эле мурда К.Бакиевдин (М.Бакиев, А.Ширшов, А.Елисеев), жана К.Батыровдун айлана-чөйрөсүнө тиешелүү болгон "Альфа-Телеком" ЖАКы (Мегаком), "Бишкек мунайзат компаниясы" ЖАКы, "Дастан ТУК» ААКсы, "Азия Универсал Банк" АКсы, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы баштаган бир катар улутташтырылган объектилерди сатууга катышы бар жана "Кыргызтелеком" ААКсынын интернет кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу фактыларына байланыштуу маселелерди изилдөө боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын жыйыны болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, убактылуу депутаттык комиссияга Р.Момбеков, А.Артыков, М.Айнакулов, М.Мадеминов, К.Бокоев, А.Исмаилова, А.Алтынбеков, Ж.Калмаматов, К.Нурматов, А.Жутанов, Б.Субанбеков жана А.Шыкмаматов кирген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу