Коом

Май 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
27/10 13:22
 

Олег Панкратов «Коомдук кабылдама» аркылуу кабыл алууга жазылган жарандар менен жолукту

Бишкек, 27-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Олег Панкратов «Коомдук кабылдама» аркылуу кабыл алууга жазылган жарандар менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кабыл алуу учурунда «KG инвест» ОсОО кызыкчылыгын колдогон өкүл Болот Казаков Кыргыз Республикасында пайдалуу долбоорду өз ара инвестициялоо үчүн инвесторлорго көмөк көрсөтүү боюнча кайрылды.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Олег Панкратов потенциалдуу инвесторлор менен иштешүү Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктиктин иши экенин билдирди.

«Агенттиктин адистери, сиздер кызыкчылыгын коргоп жаткан маселеге кызыккан инвестициялык долбоорлордун тизмегин берүүгө даяр, эгерде инвестор 3 долбоордун бирин тандаса анда биз маселени талкуулоого даярбыз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвестиция тартууга чоң маани берерин эске алганда, өзгөчө экономиканын приоритеттүү тармагы болгон энергетика тармагында кызматташууга эч кандай тоскоолдук болбойт», – деди ал.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Олег Панкратов «Коомдук кабылдама» аркылуу жазылган башка жарандарды да кабыл алды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу