Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
27/10 12:53
 

КМШ мамлекеттеринин чыгармачыл жана илимий интеллегенциясынын 11-Форумунун катышуучулары Жеңиш аянтына гүл коюшту

Бишкек, 27-октябрь /Кабар/. КМШ мамлекеттеринин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун аткаруучу директору Анатолий Иксанов менен орус театралдык сынчысы, Россиянын мамлекеттик сыйлыгынын ээси Михаил Швыдких жетекчилик кылышкан КМШ мамлекеттеринин чыгармачыл жана илимий интеллегенциясынын 11-Форумунун катышуучу-делегациясы жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов 1941-1945-жылдары Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон советтик жоокерлердин Жеңиш аянтындагы эстелигине гүл коюшту. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

“Көз каранды эмес мамлекеттердин кызматташтыгынын 25-жылдыгы. Гуманитардык кызматташтыктын келечеги” аттуу КМШ мамлекеттеринин чыгармачыл жана илимий интеллегенциясынын 11-Форуму бүгүн “Ала-Арча” мамрезиденциясында өтөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу