Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
27/10 12:23
 

Кыргызстандык делегация Москвадагы Бүткүл россиялык геологдордун съездине катышууда

Бишкек, 27-октябрь /Кабар/. Кыргызстандык делегация 26-28-октябрда Москвада өтүп жаткан 8-Бүткүл россиялык геологдордун съездине катышууда. Бул тууралуу КРнын Өнөр жайы, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Делегацияны аталган мамкомитетинин төрагасынын орун басары Уланбек Рыскулов жетектөөдө. Съездге Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан, Армения жана Белоруссиядан да делегациялар барышкан.

Жыйында геология тармагынын актуалдуу маселелери каралууда.
КРнын Өнөр жайы, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орн басары У.Рыскулов КМШ өлкөлөрүнүн геокызматтарынын ортосундагы тыгыз байланыштын маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бизди жалпы геологиялык мектеп бириктирип турат. Мурдагыдай эле өлкөлөрүбүздүн геологдору өз ара кызматташууда. Геология – жер жөнүндөгү илим, андыктан ал улуттук да, аймактык да чек арага ээ эмес. Бүгүнкү съездибиз биздин интеграциябызга, мамилелерибиздин бекемделишине дагы бир кадам”,-деди У.Рыскулов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу