Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
26/10 15:50
 

Өмүрбек Текебаевдин КРнын баатырлары жөнүндө айткандары этикага жатпайт - Б.Жакиев

Өмүрбек Текебаевдин КРнын баатырлары жөнүндө айткандары этикага жатпайт - Б.Жакиев

Бишкек, 26-октябрь /Кабар/. КРнын баатырлары "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев кандай негизде "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамына Роза Отунбаевадан башка эч ким татыксыз деп айтканына түшүнбөй жатышканын билдирди. 

Эскерте кетсек, Ө.Текебаев ата мекендик ЖМКлардын бирине берген маегинде Кыргызстанда "КРнын Баатыры" наамын алгандар көп экенин айткан. "Бирок, алардын арасында чындыгында эле Р.Отунбаевадай баатыр катары өлкө үчүн өз жанын тобокелдикке салгандар жок. Алар (Баатыр наамын алгандар) чоң кызматтарда иштеп, Москвадан бөлүнгөн акчаны өздөштүргөнү үчүн алышкандар", -деп айткан Ө.Текебаев.

КРнын Баатыры Бексултан Жакиев "Кабар" агенттигине билдиргендей, Ө.Текебаевдин айткандары этикага жатпайт. "Чындыгында бул ар бир адамдын эмгеги да. Мен башкалардын дагы эмгегин баалай билиш керек деп ойлойм. Анын айткандарына баа бергим келбейт, бирок бул туура эмес деп эсептейм. Акыркы убактарда саясий процесстердин кесепетинен Текебаев чыр-чатактардын чордонунда калды. Бардык жерде бири-бирин каралоо башталды, ал эми Ө.Текебаев Р.Отунбаеваны өзүнө тартуу үчүн ушундай билдирүүлөрдү жасап жатат. Баатырлар Москвадан келген акчаларды алышкан деп айтты. Биз качан чоң кызматтарды ээледикэле? Тескерисинче өзүлөрү ушундай акчаларга кол салышат. Менин батирим эле бар, анда жеке бөлмөм дагы жок. Айлык акы жана пенсияма жашайм.  Алардыкындай бизнесим жок менин",-деди ал.

Ал арада КРнын Баатыры Миталип Мамытов Ө.Текебаев кырдаалдан чыга албай калганынан айтып жатканын билдирди. "Роза Отунбаева "КРнын Баатыры" орденине ээ эмес. Президент Алмазбек Атамбаев Отунбаева менен Текебаевдин айласын кесиргени үчүн алар ар түрдүү ушактарды айта башташты. Бирок, ушундай кырдаалга түшкөн күндө да мындай сөз айтууга укугу жок болчу. Мен врач болуп иштеп, 30 миңден ашык адамды өлүмдөн сактап калгам. Ондогон врачтарды окутуп, депутат дагы болгом. Бул мээси жок адамдын эмне айтканы мен үчүн айырмасы жок",-деп айтты М.Мамытов "Кабар" агенттигине. 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу