Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
26/10 10:51
 

Иса Өмүркулов: “Бизге парламенттик көпчүлүк каолициядан чыгуу жеңил болгон жок”

Бишкек, 26-октябрь /Кабар/. “Бизге парламенттик көпчүлүк каолициядан чыгууга жеңил болгон жок”-деди бүгүн парламенттин жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов.

“Каолициянын тарашы өкмөттүн иштен кетишине алып келет, бул өлкөнүн экономикасына чоң залал келтирет. Биз көпкө кеңешип, бул коалиция мындан ары иштей албагандыктан, ушундай чечимге келдик. Мындан мурда эки фракциядан көпчүлүк коалициядан чыгуусун сурангам. Алар макул болушпады”-деди ал.

Ошондой эле И.Өмүркулов референдум өткөрүүгө каршы чыккандар жөн гана убакыт созуп жатышканын белгиледи.
“Учурдагы Конституцияга ылайык, биз Башмыйзамга өзгөртүү киргизе албайбыз.Ошондуктан референдум өткөрүү демилгесин көтөрдүк. Сиздер Конституцияга өзгөртүү киргизүүлөр жакпаганынан улам каршы чыккан жоксуздар, сиздер жөн гана убакытты созууну каалап жатасыздар. Биз мында мамлекеттин кызыкчылыгы жаткандыгын түшүнүп, бардык жеке кызыкчылыктарды жыйыштырышыбыз керек”-деди депутат.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу