Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
20/10 15:23
 

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги физкультуралык-ден соолукту чыңдоочу комплекстин ачылыш аземине катышты

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги физкультуралык-ден соолукту чыңдоочу комплекстин ачылыш аземине катышты

Бишкек, 20-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-октябрда “Газпром – балдарга” программасынын алкагында Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунда курулган физкультуралык-ден соолукту чыңдоочу комплекстин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы борбор шаардын жашоочулары үчүн жаңы спорт комплексинин ачылып жатышы чоң майрам экенин белгилеп, “Газпром” компаниясынын жетекчилигине жана компаниянын башкармалыгынын Төрагасы Алексей Миллерге өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул физкультуралык-ден соолукту чыңдоочу комплекс Россия Федерациясында эле эмес, Кыргызстанда да жүзөгө ашырылып жаткан “Газпром – балдарга” долбоорунун алкагында курулду. Дал ушундай комплекс Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында да курулуп, анда Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирген спорттук таймаштар өттү. Оюндарга дүйнөнүн 62 өлкөсүнөн келишкен катышуучулар жана коноктор алдында жүзүбүз жарык болду», - деди Алмазбек Атамбаев. Президент борбор шаардын жашоочуларын комплекстин ачылышы менен куттуктады.
Андан соң Мамлекет башчысы мунай-газ чөйрөсүндө кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын аймагында социалдык-экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашырууга кошкон чоң салымы үчүн “Газпром” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерге “Данакер” орденин тапшырды.

“Газпром” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер өз кезегинде жогорку сыйлык – “Данакер” ордени үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди. Ал бул сыйлыкты компаниянын чоң жамаатынын эмгегин баалоо катары кабыл алаарын белгиледи.

«Чолпон-Атада курулган спорт комплексинде Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук таймаштар өткөнү биз үчүн жагымдуу көрүнүш. Биз бул жерде спорт менен машыккан жаштар спорттук чоң жеңиштердин ээси болушуна тилектешпиз. Эң башкысы, алар өз күчтөрүнө ишенип, спорт сересине чыгуу жолунда кашкөйлүктү жана намыстуулукту көрсөтүшүн каалайбыз», - деди Алексей Миллер.

Тасма кесүү салтанатынан кийин Алмазбек Атамбаев жана Алексей Миллер комплексти көрүп чыгышты.

Маалымат: Комплекстин жалпы аянты – 5 миң чарчы метрден ашык. Комплекс бир эле мезгилде спорттун бир нече түрлөрү боюнча машыгууларды жана мелдештерди өткөрүүгө ылайыкташкан. Көрүүчүлөр залына 750 адам батат. Имаратта азыркы стандарттарга жана талаптарга шайкеш спорт жабдуулары орнотулган.

Видео
1 из 9

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу