Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
14/10 13:14
 

Бишкекте Кыргызстандын Журналисттер союзунун 9-съезди өтүүдө

Бишкекте Кыргызстандын Журналисттер союзунун 9-съезди өтүүдө

Бишкек, 14-октябрь /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын Журналисттер союзунун 9-съезди өтүүдө.

Күн тартибинде Журналисттер союзунун эмки жылдардагы ишмердиги жана милдеттери, Союздун жаңы уставын бекитүү, төрагасын шайлоо жана Кыргызстандын журналисттеринин кесиптик этикасынын кодексин бекитүү коюлган.

“Ата-мекендик журналистиканы өнүктүрүү – өтө маанилүү милдет, Союзду кайра жаратуу менен жакшы натыйжаларга жетише алабыз”,-деди Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова.

Съездде журналисттерге өзүнчө үй куруу жана ал үчүн ипотекалык кредит бөлүп берүү жолу менен журналисттердин социалдык-турмуш шартын жакшыртуу үчүн КР Өкмөтүнөн жардам суроо, ошондой эле КР журналисттеринин укугун коргоо жаатында “ЖМК тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери да талкууланат.

Съезддин жыйынтыгында резолюция кабыл алынат.

1 из 7

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу