Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
12/10 13:10
 

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы имаратына барды

 Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы имаратына барды

Бишкек, 12-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-октябрда Бишкектин тарыхый борборунда орун алган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы имаратына барды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы жаңы оңдолуп бүткөн имаратты көрдү жана Жогорку сотттун судьялары менен аппарат кызматкерлеринин алдында сүйлөдү.

Өз сөзүндө Президент сот бийлиги мамлекеттик бийликтин толук укуктуу бутактарынын бири экенин белгиледи. Ошондуктан Жогорку сот мындан ары борбордун чок ортосундагы тарыхый имаратта Президент, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт менен жакын жайгашканы зор мааниге ээ.
Мамлекет башчысы эң адилет жана чынчыл мамлекеттик жетекчилердин бири катары баарына үлгү болгон саясый ишмер Исхак Раззаков иштеп жана өлкөнү башкарган бул алгачкы тарыхый имараттын өзү жакшы белги экенин айтты.

Президент өз сөзүндө Жогорку соттун судьялары соттук корпустун башка өкүлдөрү сыяктуу эле Исхак Раззаковдун: «Эгер мен таза болсом, сен таза болсоң, коомубуз да таза болот!» деген осуятын ыйык сактоого тийиш экенин белгиледи.
Алмазбек Атамбаев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын натыйжасында сот бийлиги саясый-коомдук турмушубузда өзүнө таандык ордун алып, Кыргызстан эли ишенген толук кандуу күчтүү бийлик болуп калаарына ишенерин билдирди.

Президенттин сөзүнүн тексти:
"Урматтуу мекендештер!
Урматтуу Айнаш Абдымановна!
Урматтуу соттор жана бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары!
Бүгүн Жогорку Сот Өкмөт аянтында, Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт жайгашкан имараттарга коңшу болгон тарыхый имаратка ээ болуп, көчүп келди.

Мындан ары мамлекеттик бийликтин бир бутагы болгон Жогорку Сот бийликтин калган жогорку органдарынын жанында тарыхый имаратка ээ болду. Бул окуя өзгөчө, символикалык мааниге ээ.
Кудай буйруса, журүп жаткан реформалардын натыйжасында Жогорку Сот өлкөнүн турмушунда, башкаруусунда өзүнүн тийштүү ордуна ээ болот. Бийликтин үч бутагынын толук кандуу, күчтүү бир бутагы болот.
Конуш жайлуу болсун!
Куттуктайм баарыбызды!

Урматтуу судьялар жана чакырылгандар!
Кыргызстан укуктук мамлекет катары өнүккөн сайын сот бийлигинин ролу жана мааниси да ошончолук өсөт. Биздин максат – адилет, ачык, калыс жана жоопкерчиликтүү сот бийлигин түзүү.
Эң негизгиси, элибиз соттордун иши жакшыра баштаганын айкын сезип, ага ишенгендей болушу керек. Сот системасындагы реформалар жөнөкөй кыргызстандыктардын турмушуна оң таасирин тийгизиши керек.
Карапайым калк соттор мыйзам сыйлаган жарандарды коргой турганын, мыйзам алдында бардыгы тең экенин жана бир дагы кылмыш жазасыз калбасын иш жүзүндө көрүүгө тийиш.

Урматтуу Жогорку соттун мүчөлөрү!
Ушул имаратта иштеп жатканда эсиңиздерден, жүрөгүңүздөрдөн дайыма улуу Исхак Раззаковдун сөзү кетпей турсун: “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот”.
Жаңы конуш жайлуу, ак жолтой болсун!
Жакындарыңарга бекем ден соолук, узун өмүр, бак таалай жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!
Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!

Ал эми азыр болсо, салт боюнча Айнаш Абдымановнага белегимди тапшырып коюуга уруксат этиңиздер".

1 из 11

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу