Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
06/09 12:06
 

ОшМУ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Улуттук тамак-аш” сынагынын баш байгесине ээ болду

ОшМУ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Улуттук тамак-аш” сынагынын баш байгесине ээ болду

Бишкек, 6-сентябрь /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Ош мамлекеттик университетинен да атайын делегация жөнөп кетишкен. Учурда Кырчын жайлоосунда ОшМУ Ош облусунун атынан 2 боз үй, Ош шаарынын атынан 2 боз үй тигип, кыргыздын баалуулуктары, кылым карыткан улуттук тамак-аш азыктары боюнча Ош шаардык мэриясынын атынан “Эң кооз боз үй”, Ош облусунун атынан “Улуттук тамак-аш” жана “Боз үй тигүү” сынактарына катышууда. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
5-сентябрь күнү уюштурулган “Улуттук тамак-аш” сынагында Ош мамлекеттик университетинин делегациясы жогорку даярдыктарын көрсөтүшүп, 1-орунду жеңип алышып Ош облусунун атынан баш байгеге ээ болушту.

Сынакка Ош мамлекеттик университетинин делегациясы ата-бабаларыбыздан урпактан-урпакка өткөн улуттук тамак-аш баалуулуктарын көрсөтүп беришти. Алар атайын сүт, ун, эт азыгынан даярдалган тамак-аштардын түрлөрүн эски доор, ортоңку доор, жаңы доор деп бөлүп жайгаштырып, тамак-аштардын аталыштары атайын логотибдер менен белгиленип көрсөтүлдү. Ошондой эле, өзгөчөлүк катары боз үйдүн сыртына атайын “Мергенчинин тамагы” коюлуп, боз үй улуттук баалуулуктар менен кооздолуп, айланасына атайын алып барылган гүлдөр тигилип кооздолгондугу көрүүчүлөр тарабынан өзгөчө бааланды.

Белгилей кетсек, “Кырчын айылы” этно шаарчасында жалпысынан 288 боз үй тигилген. 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылы 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтүп, спорттун 23 түрү боюнча спорттук мелдештер уюштурулууда.

1 из 7

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу