03.09.2016, 14:52

Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атада белгилүү актер Стивен Сигал менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атада белгилүү актер Стивен Сигал менен жолукту

Бишкек, 3-сентябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда белгилүү кино актер Стивен Сигал менен жолукту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы кино жылдызга 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келгени үчүн ыраазычылык билдирди. 

Өз кезегинде Стивен Сигал жылуу кабыл алып, жолушканы үчүн Президентке карыздар экенин айтып, 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу ири иш-чарага катышпай кое албасын белгиледи. 

Мындан тышкары, Стивен Сигал Президентке өз эрки менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болууга даяр экенин билдирди.