Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/09 09:17
 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган кечки майрамдык салтанатка катышты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган кечки майрамдык салтанатка катышты

Бишкек, 1-сентябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 31-августта Бишкек шаарында өткөн өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган кечки майрамдык салтанатка катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр кыргызстандыктарды майрам менен куттуктап, сөз сүйлөдү.

Төмөндө куттуктоо сөздүн тексти:

“Урматтуу мекендештер! Ардактуу коноктор!
Бүгүн көз карандысыз, эркин өлкөдө жашап жатканыбызга чейрек кылым – 25 жыл толду. Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Биз – бабалардын өткөн жолун урматтап, аны менен сыймыктанып, укумдан-тукумга айтып калтырар тарыхы бар элбиз!
Биз – эркиндикти эне сүтү менен кошо оозанган, эркиндик – каныбыз менен кошо айланып, жаныбыз менен бирге жашаган элбиз!
Биз – Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев айткандай: “тизе бүгүп жашаганча, тике туруп өлгөн артык” – деп, көз карандысыздык үчүн канын төккөн, жанын курман кылган элдин – урпагыбыз.

Улуу тарыхты улап, 1916-жылы улуттук-боштондук кыймылында каза тапкандардын, 1937-жылы окко учкандардын, 1941-1945-жылдары курман болгон мекендештерибиздин бүгүнкү эркиндиктин келишине кошкон салымы зор.
Кыргызстан эли – эр жүрөк, майтарылгыс эл экендигин 2010-жылы курман болгон баатырларыбыз дүйнө жүзүнө дагы бир ирет далилдеп кетишти.
Алардын жаркын элесине таазим этип, эгемендүүлүктү жүрөк түпкүрүндө – эң баалуу керемет катары сактайлы.
Урматтуу мекендештер!

Кыргызстан – тарыхтын өтө опурталдуу сыноолорунан өттү, ички жана сырткы тоскоолдуктарды жеңди.
Кыргызстан – демократиялык принциптерди чыңдап, дүйнөлүк цивилизацияда өзүнүн татыктуу ордун тапты.
Кыргызстанда – бийликти таза шайлоого, өз келечегин эркин тандоого – элибиз толук мүмкүнчүлүк алды.
Өкмөт азыркы учурда өлкөбүздү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү багыттарын аныктап жатат. Келечекке масштабдуу максаттар коюлууда.
Алардын арасында – мындан ары да – өлкөнүн бүтүндүгү менен коопсуздугун сактоо, адилет коомду өркүндөтүү, калк турмушун жакшыртуу – башкы милдеттер бойдон кала берет.

Урматтуу мекендештер!
Дагы бир жолу ар бир кыргызстандыкты Эгемендүүлүктүн 25 жылдык майрамы менен куттуктайм.
Касиеттүү кыргыз жеринде мындай эркиндик, Жараткан колдоп, түбөлүк сакталсын. Кыргызстан эли ынтымакта, тынччылыкта, бакубатчылыкта жашасын.

Дайыма бар болсун Кыргыз эли, Кыргыз жери!
Жашасын биздин Эгемендүү Кыргызстан!”.

1 из 15

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу