Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
30/08 11:40
 

Бишкек мэриясы: “Айчүрөк” дүкөнүнүн жанындагы фонтандык комплекстин реконструкция иштери бүттү

Бишкек мэриясы: “Айчүрөк” дүкөнүнүн жанындагы фонтандык комплекстин реконструкция иштери бүттү

Бишкек, 30-август /Кабар/. “Айчүрөк” борбордук универсалдык дүкөнүнүн жетекчилиги соода борборунун имаратынын жанындагы фонтандык комплексинин реконструкциясын бүтүрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Долбоор боюнча суу түтүктөрү, электр зымдары алмаштырылып, фонтан бассейнинин түбү бетондолуп, насостук жабдыгы оңдолду.
Ошондой эле, декорация элементтери кошулуп, чет жактары тосулуп, көпүрөлөр, отургучтар орнотулуп, шаркыратмада жүгүрүп бараткан аттардын образдары жаратылды.

“Айчүрөк” борбордук универсалдык дүкөнүнүн жетекчилиги мажүрүм талдарды кесүү азырынча планда жок экенин белгиледи. Алар зарыл учурда гана, эгерде адамдардын өмүрүнө кооптуу жагдай жаратса гана алынып салынмакчы.

1 из 5

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу