Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
26/08 17:13
 

Борбордук Ала-Тоо аянтында Эгемендиктин 25 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды

 Борбордук Ала-Тоо аянтында Эгемендиктин 25 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды

Бишкек, 26-август /Кабар/. Бүгүн, 26-августта Бишкек шаарындагы борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмөгө белгилүү кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн өлкөнүн тарыхындагы маанилүү окуяларды чагылдырган иштери коюлду. Борбор калаанын мэриясы аянттын батыш тарабына сүрөттөрдү илүү үчүн 25 лайт-бокс орнотту, алар кийин Бишкек шаарынын мэриясынын расмий маалыматтарын илүү үчүн колдонула бермекчи. Көргөзмө 10-сентябрга чейин уланат.

Сүрөт көргөзмөнүн ачылышына КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты.

1 из 6

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу