Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
09/08 11:52
 

Активисттер УКМКны экстремисттик деп таанылган «Айкөл Манас» китебин мыйзамсыз жайылтууну көзөмөлгө алууга чакырат

Бишкек, 9-август /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 10 томдук “Айкөл Манас ” китебин таралышын көзөмөлгө алышы керек, анткени ал Жумгал райондук соту тарабынан экстремисттик деп табылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында апрель окуясынын баатыры Таалай Айдаров билдирди.

Анын айтымында, бул китептин уруксат кагазы жок, ал Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынан каттоодон өткөн эмес, бирок аймактарда эркин таратылып жатат. Ал тургай мектепте акысыз таратылып жатат.

«Биз Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти эмне себептен адилеттик үчүн бул китепке тиешеси барларды жоопкерчиликке тартпайт. Биз ушул күнгө чейин сот иштери менен жүрөбүз. Кабарлардан көп эле көрүп жүрөбүз кайсы бир жерлерден экстремисттик мүнөздөгү дисктерди таап алса, аларды соттоп дагы жиберет, ал эми бул китеп экстремисттик гана эмес, кыргыз элинин улуттук кадыр-баркына, улуттук тарыхына олуттуу зыян келтирсе дагы жайылтылып жатат”,-деди Т.Айдаров.

«Жетинчи апрель кучтору» АК төрагасы Чынара Жамгырчиеванын айтымында, «Айкөл Манас» китебинде Бүбү Майриямдын баяндамасында улуу Манас бейбаштыктын ролун аткарган. Аталган китеп чындыктарды бурмалап, улуттун тарыхый баасын төмөндөтөт. Ал филологиялык эксрпертизадан өткөн жана эксперттер бир нече жолу этникалык жана диний жактан туура эмес багыт экенин белгилеп кетишет”, - деп билдирди ал.

“Биз бийлик өкүлдөрүнө жана укук коргоо органдарына тиешелүү чараларды көрүп, бул китептерди жоготуулары керек деп кайрылат элек. Райондук сот бул китепти экстремисттик мүнөздөгү китеп деп атады, ошондуктан бул китепти чыгарганга тиешеси бар кишилерге тиешелүү чаралар көрүлүшү керек”,-деди «Жетинчи апрель кучтору» КБ өкүлү Жоодарбек Айдарбек уулу.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу