Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
08/08 12:00
 

Кыргызстанда 7 айда балдардын катышуусу менен 905 жол кырсыгы болду - ИИМ

Бишкек, 8-август /Кабар/. 2016-жылдын 7 айында Кыргызстанда балдардын катышуусу менен 905 жол кырсыгы болгон. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баев бидирди.

Анын айтымында, аталган мезгил аралыгында жол кырсыгынан 80 жашы жете элек балдар каза болуп, 1015 адам ар кандай жаракат алган.

«Балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн чоң кишилер жоопкерчиликтүү. Чоң кишилер окутуп, үйрөтүп, үлгү бергендин ордуна кайра өздөрү жол эрежелерин бузуп жатышат. Мунун бары жол эрежелерин сактабагандыктан болуп жатат. Ата-энелер, чоңдор жөнөкөй жол эрежелерин бузуп, балдарга көзөмөл кылбай келишет.

Жайкы эс алуу убагында бардык балдар үйүндө болушат. Кээ бир учурларда, алар кароосуз калат. Мындай учурларда балдар жол эрежелерин билбегендиктен жана камкорсуздугунан балдар жол кырсыгына кабылып жатышат”,- деп билдирди Э.Баев.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу