Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
02/08 12:18
 

Министр Кудайберген Базарбаев: “Кыргызстанда ай сайын 370,1 миң адам жөлөкпул алат”

Министр Кудайберген Базарбаев: “Кыргызстанда ай сайын 370,1 миң адам жөлөкпул алат”

Бишкек, 2-август /Кабар/. Кыргызстанда ай сайын 370,1 миң адам жөлөкпул алат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Социалдык өнүгүү жана эмгек министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 287 миң адам аз камсыз болгон үй-бүлөлөр. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жөлөкпул алгандардын саны 5,2%га кыскарды. 3 жыл аралыгында 74,2 миң бала жакырчылык абалдан чыкты. Республика боюнча 12,7% бала же ар бир сегизинчи бала жөлөкпул алат.

“Биздин министрлик калктын аялуу катмары менен иш жүргүзүүдө. 2016-жылдын 1-жырым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 93 миң үй-бүлө жөлөкпул алат. Гарантиялуу минималдык киреше 763 сомго көбөйгөн. Дүйнөлүк экономикадагы кыйынчылыктарга карабастан биз гарантиялуу минималдык кирешени 900 сомго чейин көтөрөбүз”,-деди министр.

Ошондой эле, ал 17,8 миң кош бойлуу аялга, 5 миң адамды акыркы сапарга узатууга жөлөнпул төлөнгөн. Мындан тышкары, 617 адам ай сайын кошумча жөлөкпул алган.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу