Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
28/07 17:39
 

Кыргыз Республикасынын расмий туристтик сайтынын бетачары болду

 Кыргыз Республикасынын расмий туристтик сайтынын бетачары болду

Бишкек, 28-июль /Кабар/. Бүгүн, 28-июлда Бишкекте өлкө тууралуу кеңири маалыматты камтыган Кыргыз Республикасынын туристтик сайтынын расмий бетачары болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин алдына өлкөгө туристтерди тартуу боюнча бир катар милдеттенмелер коюлган.
Аталган маселени чечүүнүн алгачкы багыты катары Кыргызстандын туристтик мүмкүндүктөрү тууралуу толук жана так маалыматтарды камтыган www.discoverkyrgyzstan.org веб-сайтынын иштелип чыгуусу жана ишке берилүүсү эсептелет.

Бетачардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов белгилегендей, бүгүн Кыргызстандын туризми үчүн маанилүү күн. Аталган долборду ишке ашыруу үчүн көп убакыт жана күч жумшалды.

«XXI кылым – технология жана Интернеттин доору экенин эске алганда, негизинен тигил, же бул өлкө тууралуу маалыматты туристтер Интернет аркылуу алат. Мурда бизде өлкөнүн туристтик мүмкүндүгү тууралуу толук кандуу маалымат камтылган расмий ресурс болгон эмес. Эми аталган сайттын пайда болушу менен туристтер эс алуу жайлары, кооз жерлер, негизги туристтик багыттар жана обьектилер, туризм жана эс алуунун түрлөрү, виза процедуралары, Кыргызстанга кандай, кайсы транспорт аркылуу жетсе болоору тууралуу керектүү материалдарды ала алышат. Сайт алты тилде: кыргыз, түрк, орус, англис, араб жана кытай тилинде иштейт», - деди А.Жаманкулов.

Департаменттин директору белгилегендей, аталган туристтик сайттын иштелип чыгуусу донордук колдоо аркылуу ишке ашырылган, республикалык бюджеттен каражат жумшалган эмес.

Белгилесек, www.discoverkyrgyzstan.org сайтынын долбоору Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбековго мындан мурда, үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда тартууланган.

Видео
1 из 6

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу