Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
27/07 12:47
 

Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы аёосуз күрөштү улантуу зарыл деди

 Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы аёосуз күрөштү улантуу зарыл деди

Бишкек, 27-июль/Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо жана тергөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, андан тышкары мамлекеттик бийлик жана башкаруу системасында коррупция менен күрөшүү боюнча мындан аркы пландар тууралуу маалыматты укту.
Улан Исраилов коррупцияга каршы турууда алдын алуу мүнөзүндөгү антикоррупциялык чаралардын натыйжалуулугун арттырууга өзгөчө көңүл бөлүнүп жатканына токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев антикоррупциялык чараларды мындан ары өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аёосуз күрөштү улантуунун зарылдыгын белгиледи.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу