Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
14/07 11:40
 

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын расмий сайты иштей баштады

 Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын расмий сайты иштей баштады

Бишкек, 14-июль /Кабар/. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайты иштей баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын катчылыгынын башчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдын 1-июлунан тартып “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” расмий сайты иштей баштады. Анын дизайны толугу менен Оюндардын өзүнө тиешелүү стилине ылайык аткарылган. Сайтты ДКО катчылыгындагы кызматкерлердин көзөмөлү жана жетекчилиги астында “IT Attractor” ресурстук борбору иштеп чыкты.

“Сайтты түзүү үчүн мамлекеттик бюджеттен акча сарпталган жок. Ал Тентиев Амандын (“The Farm” инвестициялык компаниясы) көргөзгөн демөөрчүлүк жардамынын негизинде түзүлдү. Сайт “КыргызТелеком” ААК серверине орнотулду”,-деди ал.

Өз кезегинде Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын катчылыгынын маалыматтык технология боюнча эксперти Белек Усенбеков төмөнкүлөргө токтолду: - “Түзүлгөн сайттын башкы бетинде менюнун саптары, кабарлар блогу, маалыматтык баннер, спорттун түрлөрүнүн пиктограммасы, сүрөт жана видео галерея, ДКОнун демөөрчүлөрү жана өнөктөштөр блогу орун алган. Оюн өтүп жаткан маалда ДКО алкагындагы бардык иш-чаралардын ырааттамасы жана программасы, ошондой эле медалдык эсеп сайтка жарыяланып турат. Ал эми сайт кыргызча, орусча жана англисче 3 вариантта даярдалды. Сайтка кирген адам өзүнө ылайыктуу версияны тандап алат, ал тандоо кийинки сайтка кирүү учурунда да сакталуу болот”,-деди ал.

Мындан сырткары, Б.Усенбеков оюндарга катыша турган жана катыша тургандыгы тууралуу расмий арызы жөнөтүлгөн өлкөлөрдүн жеке баракчалары тууралуу маалымат, спорттун түрлөрү боюнча катышуучулардын саны жазылат жана спортчулардын жеке баракчалары даярдалат. Ошондой эле, электрондук дүкөн дагы ачылат. Анда Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын бренди менен даярдалган сувенирдик буюмдарды көрүүгө жана сатып алууга болот.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын сайтынын мурунку версиясы (ДКО 2014) архивке киргизилди. Андагы керектүү бардык маалыматтар ДКОнун жаңы сайтына өткөрүлдү.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу