Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
08/07 12:59
 

Премьер-министр Бишкек – «Манас» Эл аралык аэропорту автожолун оңдоо иштерин көзөмөлдөдү

Премьер-министр Бишкек – «Манас» Эл аралык аэропорту автожолун оңдоо иштерин көзөмөлдөдү

Бишкек, 8-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда Бишкек – «Манас» Эл аралык аэропорту автожолун реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сооронбай Жээнбеков аталган унаа жолунун стратегиялык маанисин белгилеп, Транспорт жана жолдор министрлигине бардык оңдоо ишин белгиленген мөөнөттө жыйынтыктоо тапшырмасын берди. Буга катар Премьер-министр аталган жолдун чыгыш тарабындагы тилкесиндеги аткарылган иштердин сапаты төмөн экендигин белгиледи.

«Унаа жолдогу аткарылган оңдоо иштеринин сапаты аймактык деңгээлге да жооп бербейт. Кыргызстанга келген меймандардын өлкө тууралуу пикири ушул жолго байланыштуу келип чыгат. Ошондуктан оңдоо иштери жогорку деңгээлде жүргүзүлүшү керек», – деди Сооронбай Жээнбеков.
Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровдун маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата Бишкек – «Манас» Эл аралык аэропорту автожолунун чыгыш тараптагы бөлүгү толугу менен курулуп бүттү. Буга байланыштуу аталган тилке боюнча автотранспорт каражаттары өткөрүлүп жатат. Ал эми аталган жолдун батыш тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылган.

Унаа жолдун чыгыш тараптагы бүткөрүлгөн тилкесиндеги кемчиликтерди жоюу ишин реконструкциялоо менен алектенип жаткан компания өз эсебинен аткарууга милдеттенди.

Ошондой эле, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Рыскулов жана Жибек Жолу проспектинин ортосундагы Ала-Арча дарыясынын жээгин оңдоо ишинин жүрүшү менен таанышты.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун маалыматына ылайык, муздардын тоңуп калуусуна байланыштуу шаар аймагынын суу алдында калуу коркунучу бар. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте Ала-Арча дарыясын механикалык жол менен тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга Ала-Арча дарыясына байланыштуу өзгөчө кырдаалдаардын келип чыгуу ыктымалдыгынын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүнү ташырды.

1 из 5

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу