Коом

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
27/06 15:18
 

Өкмөт: “Кыргызстанда сибирь жарасы жок”

Бишкек, 27-май /Кабар/. Учурда кыргызстандыктар күйдүргү эпидемиясы бар деп, текшерилбеген маалыматтарга ишенип жатышат, бизде эч кандай коркунуч жок. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында КР Өкмөтүнүн аппаратынын айыл чарба жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда эпизоотикалык абал туруктуу.

“Өткөн аптада социалдык тармактарда Кыргызстанда сибирь жарасы катталды деген маалымат тараган. Мындай маалымат WhatsApp колдонуучуларына коомдук жерлерден эт сүт азыктарын сатып албоосу, учурда абал абдан кооптуу болуп, анда сибирь жарасы аныкталгандыгы туурасында маалыматтар тараган. Бул оору Казакстандын Караганда облусунда катталган. Ал эми биздин өлкөдө эч кандай коркунуч жок”,-деди ал.

А.Жээналиевдин айтымында, өткөн жылы өзгөчө коркунучтуу оорулардын алдын алуу боюнча 61 млн сом бөлүнгөн, ал эми бул жылы - 130 млн сом бөлүнгөн. Мамветинспекциясы тарабынан керектүү жабдыктардын бардыгы алынып, алдын алуу үчүн бардык зарыл болгон иш-чаралар өткөрүлдү.

«Ооба, бизде сибирь жарасынын очогу бар, бирок, ал жердин бардыгы кайра каралып, текшерилип чыккан, өлкөдө эч кандай оору жайылган жок. Аталган оорунун жайылып бара жаткандагысы тууралуу чыккан маалымат чындыкка дал келбейт. Биз бардык жарандарга жалган маалыматка ишенбегиле дейт элек, эч нерседен коркпой эле эт, сүт азыктарын колдоно берсе болот”,-деди бөлүм башчы.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу