Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
27/05 14:03
 

“Бел-Алма” кенин иштетүүгө тендерден утулуп калган компания эл арасына жалган маалыматтарды таратууда

 “Бел-Алма” кенин иштетүүгө тендерден утулуп калган компания эл арасына жалган маалыматтарды таратууда

Бишкек, 27-май /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын тургуну Мурза Курмушуев билдирди.

“Бүгүнкү күндө Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы Бел-Алма көмүр кенинин айланасында болуп жаткан маселени массалык маалымат каражаттары аркылуу коомго айтып берели деген ой менен силерге келип отурабыз. Анткени, бүгүн кендин айланасында болуп жаткан маселени фактылар менен чындыкты айталы деп жатабыз. Башкача айтканда, 2014-жылы ошол кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин буйругу менен Бел-Алма көмүр кенин иштетүү үчүн атайын сынак жарыяланып, сынактык коммиссия түзүлгөн. Бул боюнча конкурс уюштурулуп, ага 3 компания, тагыраагы “Беш-Арча”, “Перити-Коал” жана “Ормош ойл” компаниялары катышкан. Бул компаниялардын ичинен “Беш-Арча” компаниясы 13 балл тендерди утуп чыгып, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Бел-Алма көмүр кенин изилдөө үчүн лицензия алган. Берилген лицензия боюнча Майдан айыл өкмөтү менен айылдык кеңеш тарабынан “Беш-Арча” компаниясы Бел-Алма көмүр кенин изилдөө үчүн уруксат алып, чалгындоо иштерин башташкан. Бул компания кенди иштеткени баргандан бери бизге канчалаган жардамдарды берип жатат. Мисалы, бала бакчаларды курууга жардамдашып жатат. Бирок, бүгүнкү күндө “Перити-Коал” компаниясынын эки-үч гана адамы элдин атынын жамынып алып, коомго ар кандай жалган маалыматтарды таратууда. Мисалы, бул кенге тиешеси жок азыркы өкмөт башчыбызды, губернаторубузду жана башка адамдарыбызды жамандап жатат”,- дейт М.Курмушуев.

“Ошондой эле, жакында арада биздин тиешелүү жетекчилерибиз аталган кендеги маселени аныктап, бир жаңсыл кылуу үчүн жеринен барып келишсе жакшы болот эле. Анткени, бат эле кыш келет. Буга чейин биздин эл бул кендин иштешин колдоп келген. Аталган кендин иштетүү үчүн өткөрүлгөн тендерде “Беш-Арча” компаниясы утканда сүйүнгөнбүз. Себеби, соцпакет деген нерсеси болот экен. Ошондо аталган компания 20 млн АКШ долларын көрсөткөн. Биз бул каражатты айылга иштетип калалы деген ниеттебиз. Ал эми азыр кенди талашып жаткан “Перити-Коал” компаниясы соцпакетте бир сомда көрсөткөн эмес”,- деп кошумчалай кетти ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу