Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
26/05 14:24
 

Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунда эмгектенген адамдарга гана үй берилет

 Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунда эмгектенген адамдарга гана үй берилет

Бишкек, 26-май /Шаххан Мырзабеков -Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында социалдык борборун жетектөөчү Темирлан Ормуков билдирди.

“Бүгүнкү күндө айрым саясатчылар өзүнүн кызыкчылыктары үчүн биздин майыптарды митингге алып чыкып жатышат. Эгерде, алар биздин майыптарга акча төлөп митинге алып чыгып, аларды акчага көндүрө бере турган болсо, анда акырында биздин майыптарыбызды борбордук аяттан кетире албай каласыңар. Ошондуктан биз саясатчыларга майыптарды саясатка аралаштырбагыла жана оюнуңарды бизден алыс ойногула деп кайрылып кетет элем. Митинге майыптардан башка адамдарды таап чыгарсаңар жакшы болот эле”,- дейт Т.Ормуков.

“Ошондой эле, жакында үй маселеси менен митингге чыккан 9 адамга биз үй берип кое турган болсок, анда башка майып адамдар арыз жазсаң эле үй алат экенбиз деп аларда митинге чыгып башташат жана анын аягы жаман көнүмүшкө айланат. Ошондуктан биз мындай маселени токтотуш үчүн кординациялык кеңеш түзүп, аларды биздин коомдон чыгаралы деп жатабыз. Биз коомдон аларды чыгаргандан кийин алар бизди азиздер жана дүлөйлөр коомунан чыгарып салды, биз көчөөдө калдык деп ыйлактап келишет. Бирок, бул митингге чыккан адамдарыбызга таандык мүлктөрү бар экенин билдик. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому өткөн жылы Көк-Жардан 90 квартираны майыптарга жатакана катары бергенбиз. Ал эми бүгүн бул үйлөрдө соо адамдарда жашайт деген сөздөр эмнеден улам келип чыгууда. Анткени, коомдо майыптар коому десе эле, бул коомдо майыптар гана иштейт деген пикир калыптанып калган. Жок андай эмес, биздин коомдо дени карды соо шофер, бугалтерлер жана башка кызматкерлер иштейт. Мисалы, алар бизге убагында аз айлыкка иштеп берсин, анан биз аларды иштеп алып үйгө келгенде аларга дени кардың соо экен, силерге үй берилбейт деп коюу туура эместа. Биз сырттан келген адамга үй берген жокпуз. Бизде эмгектенген гана адамдарга үй берип жатабыз”, - деп кошумчалай кетти ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу