Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
26/05 13:10
 

Быйыл Кыргызстан демократиялык кыймылына 26 жыл болот

Быйыл Кыргызстан демократиялык кыймылына 26 жыл болот

Бишкек, 26-май /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйында Кыргызстан демократиялык кыймылынын мүчөсү Жыпар Жекшеев билдирди.

Ж.Жекшеевдин айтымында, 2015-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылынын 25 жылдыгы белгиленген. Ал эми бул кыймылдын түзүлгөндүгүнө быйыл туура 26 жыл болуп отурат.

“Бизде жыл сайын эле той боло бербейт эмеспи. Анын сыңарындай быйыл бул даталуу күндү тарых үчүн жөн гана эскерип коюну туура көрдүк. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 200гө чукул саясий партиялар бар. Анын ар бири алына жараша иш алып келе жатат. Ал эми 1990-жылы 26-майда жалгыз Кыргызстан демократиялык кыймылы бир нече уюмдардын башын бириктирип түзүлгөн. Ал бүгүнкү күнгө чейин өз ишин улантып келе жатат”,-деди ал.

“Быйыл эгемендүү өлкөбүздүн 25 жылдыгы белгиленгени турат. Аны менен удаалаш Кыргызстан демократиялык кыймылынын 26 жылдыгы белгиленип жатат. Мына ушул кыймылдын эгемендик менен тең тайлаш жаткандыгы биздин тарыхта өзгөчө орун ээлеп калды”,-деп кошумчалады ал.

Ал эми аталган кыймылдын мүчөсү Турсунбек Акундун айтымында, 1990-жылга чейин бир дагы партия, коом, уюм болгон эмес. Ушул жылы эң алгачкы демократиянын башында турган Кыргызстан демократиялык кыймылы түзүлгөн. 2015-жылы өлкө башчынын колдоосу менен коомчулуктун көмөгү менен жогорку деңгээлде белгиленген. Мындан сырткары тунгуч президентибизди шайлоодо бул уюмдун ролу чоң. Ошондой эле, өлкөбүздө сөз эркиндигинин жана демократиянын сакталышына чоң салым кошкон.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу