Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
26/05 12:17
 

Бүбайша Арстанбекова: “Кыргызстан демократиялык кыймылы - чоң тарых”

 Бүбайша Арстанбекова: “Кыргызстан демократиялык кыймылы - чоң тарых”

Бишкек, 26-май /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйында Кыргызстан демократиялык кыймылынын мүчөсү Бүбүайша Арстанбекова билдирди.

Анын айтымында Кыргызстан демократиялык кыймылы өзү эле бир чоң тарых. Мындай тарыхый окуяга кызыгып, көңүл бурбай коюуга мүмкүн эмес.

“Чындыгында Кыргызстандын тарыхы Кыргызстан демократиялык кыймылынан башталган деп айтсак болот. Бул тарыхка маани бербесек болбойт. Анткени, эң алгачкы коммунисттик партиянын режими өз миссиясын бүтүрүп, андан ары эмне кыларын билбей система чирип бара жаткан. Ошол учурда адам эркиндигин түзүп, эгемендүү мамлекет болушубуз керек экен деп коомдук ишмерлердин топтому түзүлө баштады”,-деди Б.Арстанбекова.

“Андан соң биз демократиялык коомду түзүп алып, дүйнө жүзүнө жар салдык. Бул өз кезегиде биздин утушубуз болуп саналат. Дал ошол демократиялык коомдун негизинде партакратиялык система кулап түштү. Андан соң эгемендүү мамлекет түзүлүп, алгачкы жолу президентибизди шайлап алдык. Биз бул тарыхый учурду эч качан унутта калтырбай, эстеп жана билип жүрүшүбүз керек”,-деп кошумчалады ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу