Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
28/04 10:50
 

Бишкекте логистикага багытталган Эл аралык конференция өтөт

 Бишкекте логистикага багытталган Эл аралык конференция өтөт

Бишкек, 28-апрель /Минара Ибраева-Кабар/. 18-майдан 20-майга чейин Бишкек шаарында логистикага арналган Эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу бугун “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында СЕО инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Искендер Шаршеев билдирди.
Анын айтымында, 3 кундук конференциянын негизги максаты товарларды жана тейлөөлөрдү азыраак чыгым сарптоо менен узак мейкиндикке таратуу болуп саналат.

“Өлкөдө чоң логистикалык борборлор бул Дордой менен Кара-Суу базары болуп саналчу. Анын соода жүгүртүүсү 5 млдр долларга чейин жетчү. Тилекке каршы акыркы жылдары бул көрсөткүч кескин түрдө азайып кетти. Демек, мындан улам Кыргызстанда логистикалык тармакты колдоо керек деген бүтүмгө келдик. Логистиканы өнүктүрүп, анын жаңы жолдорун табыш керек”,-деди И.Шаршеев.

“Дал ушул максатта Kuehne фонду менен логистикага багытталган концеренцияны уюштурганы жатабыз. Ал негизги 3 максатта өтөт. Биринчиси, логистика боюнча билимди студенттердин арасында кеңири таратуу жана мыкты адистерди даярдоо. Экинчиден, элге атайын профессионалдык билим берүү жана семинарларды өткөрүү. Үчүнчүдөн, академик жана мамлекеттик кызматкерлерге логистика боюнча стратегия жана консультативдик жардам берүү боюнча талкуу болот”,-деп кошумчалады ал.

Аталган конференцияга белгилуу эл аралык эксперттер катышат.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу