Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
08/04 13:03
 

Өлкөбүздө тамчылатып сугарууга өзгөчө көңүл бурулууда

 Өлкөбүздө тамчылатып сугарууга өзгөчө көңүл бурулууда

Бишкек, 8-апрель /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйында КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин айыл чарбасына заманбап прогрессивдүү технологияларды киргизүү боюнча борборунун жетекчиси Аскарбек Сагынбаев билдирди.

“Республика боюнча 2015-жылы 2825 субьектиге, 676 гектар жерге тамчылатып сугаруу иштери киргизилген. 2015-жылы Кыргызстанда тамчылатып сугаруу системаларын орнотуу иштери өзгөчө кызыгууну арттырды. Жыйынтыгында тамчылатып сугаруу системаларын орноткон чарбалардын саны 221ге жетти. Ал 2014-жылга салыштырмалуу 10 эсеге көбөйгөн. Ал эми 2016-жылдын 25-мартына карата 31 чарбакер тамчылатып сугаруу системаларын орноткон. Бул системалардын көбү күнөсканаларга коюлган”,-деди ал.

Анын айтымында өлкөбүздө тамчылатып сугаруу системасы негизинен бак-дарактарга, жашылча-жемиштерге, пахта, жүгөрү, кызылчага күнөсканаларга коюлуп келе жатат. Бул жылы мурдагы жылдардай эле фермерлерге жана дыйкандарга бул багытта окутуп, үйрөтүү иштери улантылат.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу