Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
24/03 12:26
 

Бишкекте заманбап кургак учук ооруканасы курулат

Бишкек, 24-март /Эмилбек Момунов-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРнын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди. Анын айтуусунда, республикабызда учурдагы кургук учуктан айыктыруучу ооруканалар 1950-1960-жылы курулгандыктан эскилиги жетип, талапка жооп бербейт. Мындан тышкары аталган оору боюнча фитизиатр адистеринин жетишсиздиги, маянанын аздыгы, жабдыктардын тартыштыгы да көйгөйлүү маселе бойдон кала берүүдө.

“Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигине бюджеттен жыл сайын 2,5 млрд сом бөлүнөт. Анын 80%ы врачтардын маянасына, 20%ы гана медициналык мекемелердин муктаждыгына жумшалат. Ал эми кургак учук менен күрөшүүгө 1,5 млрд сом талап кылынса, мамлекет тарабынан болгону 600 млн сом берилет. Ошондуктан, каражаттын тартыштыгы көйгөйлүү маселе бойдон кала берүүдө. Мындай кыйынчылыктарга карабастан, быйыл Бишкектеги кургак учук ооруканасынын аймагында заман талабына ылайык оорукананын курулушу башталды”,- деди министр.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу