Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
18/03 14:56
 

Коомдук активист Азамат Жаналиевдин “Uluu Kyrgyz IZI” долбоорун Туризм департаменти колдоого алууда

Бишкек, 18-март /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Туризм департаментинин стратегиялык бөлүмүнүн башкы адиси Мирлан Багышбеков билдирди.

“Кыргызстандагы ички туризмди өнүктүрүү үчун коомдук активист Азамат Жаналиевдин “Uluu Kyrgyz IZI” аттуу долбоорун Туризм департаменти колдоп жатабыз. Анткени, аны менен бул багытта мурда да иштешкенбиз. Себеби, Кыргызстандын туризм жагын өнүктүрүү үчүн Азамат колунан келишинче аракет кылып жаткандыгын биз түшүнүп, ага колдоо көргөзүп жатабыз.

“Башкача айтканда, аталган долбоордун ичиндеги “2016-AUTOSTOP-RG-006” этабынын негизинде II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна карата кыргыз жергесине 350 беттен ашуун көп нускалуу маршруттук, жол көрсөткүч сүрөт китебин жараттууга ал аракет кылып жатат. Бул китептин өзгөчөлүгү болуп, бүктөлмө, толук маалымдуу туристтик картасы жана FULL HD форматындагы видое роликтер камтылып, кыргыз, орус, англис, түрк тилинде болот. Биз да бул китепти чыгаруу үчүн демөөрчүлөрдү издеп жатабыз”,- дейт. М.Багышбеков.

 

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу