Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
01/03 12:08
 

Арызы эч жерде каралбай үч баласы менен көчөдө калган Анара Сариева Президентке кайрылды

 Арызы эч жерде каралбай үч баласы менен көчөдө калган Анара Сариева Президентке кайрылды

Бишкек, 1-март /Минара Ибраева-Кабар/. Менин укугум тепселип, тиешелүү органдар арызымды карабай жатышат. Өлкөбүздө акыйкат барбы? Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында жабырлануучу Анара Сариева билдирди.

Анара Сариева 1981-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Үч баланын энеси. “Иска строй” курулуш компаниясынын директору Нарынбек Сариев менен 13 жыл бирге жашаган.

Анаранын айтымында 13 жылдан бери күйөөсүнөн ур токмок жеп, бүгүнкү күндө үч баланы жалгыз багып келе жатат. Күйөөсүнүн кылган терс кылыктарынан улам аны менен ажырашууну туура көрүп, 2015-жылы сотко берген. Бир жылдан бери ажырашуу боюнча сот иштери аягына чыкпай келет. Жолдошу алимент төлөбөй, мүлк бөлүп бербөөнүн амалын таап, аны коркутууга чейин барууда. Анаранын укугу тепселип, тиешелүү органдар анын арызын калыс карабай жатышат. Мындан улам балдары менен көчөдө калган Анара Сариева Президентке кайрылууну туура көрдү.

“Мен ички иштер министрилигине, башкы прокуратурага, райондук сотторго кайрылдым, бирок эч майнап чыкпады. Менин жазган арыздарым бир дагы жерде каралган жок. Анткени, Нарынбек Сариев Мелис Турганбаевди досум, ал эми премьер-министр Т.Сариевдин байкесимин дейт. Андан сырткары ички иштер бөлүмүнүн чоңдору анын достору”,-деп айтты жабырлануучу.

“Ушундан улам мен урматтуу Президентке кайрылууну туура көрдүм. Урматтуу Президент! Биринчиден сизге намаз окуган мамлекетинин башчысы катары кайрылгым келет. Акыйкатты издеп ички иштер бөлүмүнө, башкы прокуратурага, сотторго кайрылсам дагы эч жыйынтык чыкпай келет. Анткени менин жолдошум акчанын күчү, бийликтеги досторунун жардамы менен бардык нерсени жаап келе жатат. Балдарым менен көчөдө калтырды. Сизден өлкө башчы катары жогоруда айтылган иштерди көзөмөлгө алып, туура, акыйкаттуу чечтирип берүүңүздү суранам жана үмүт кылам”,-деди Анара Сариева.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу