Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
28/10 15:24
 

Президент Алмазбек Атамбаев: “Ош шаарындагы эстакадалык көпүрө достуктун көпүрөсү болууга тийиш”

Бишкек, 28-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-октябрда Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан эстакадалык көпүрөнүн ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Ош шаарынын тургундарын жаңы көпүрөнүн ачылышы менен куттуктап, бул окуянын жакшы жышаан экендигин белгиледи. "Ош шаарында эстакадалык көпүрөнүн ачылышы - маанилүү окуя. Адамдардын ортосундагы мамилелерди көпүрөнүн курулушу менен салыштырсак болот. Ошондуктан, Кыргызстандын көп улуттуу элинин биримдиги үчүн ар бир жаран өзүнчө “көпүрө” болуп, тегерегине адамдарды бириктирип, сабырдуу, толеранттуу булушу керек”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы эстакадалык көпүрөнүн курулушу мурдагы жетекчилик тарабынан тиешелүү эсептөөлөрсүз, долбоору жана финансылык ресурстары жок туруп башталгандыгын эске салды. Өткөн жылы көпүрөнүн курулушуна Ош шаарына жана Ош облусуна жардам катары бөлүнгөн россиялык гранттын каражаттары тартылганын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарын, жалпы Кыргызстан элин тынчтыкка, биримдикке жана ынтымакка чакырып кетти. “2010-жылдын июнундагы кайгылуу окуялардын натыйжасында өлкөбүздүн көп жарандары каза болду. Биз андай окуялардын кайталанышына жол бербешибиз керек. Биримдиктин жана ынтымактын аркасында Кыргызстан гүлдөгөн мамлекетке айланат”,-деп, Алмазбек Атамбаев өлкөдө энергетика, транспорт тармагында жана социалдык сектордо ишке ашырылып жаткан ири долбоорлорго токтолду.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге Ош шаарына жана Ош облусуна колдоо көрсөткөндүгү үчүн Россия Федерациясына ыраазычылык билдирди.

Сөзүнүн соңунда Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарындагы жаңы көпүрө достуктун көпүрөсү болууга тийиш экендигин баса белгиледи.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу