Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
07/09 13:16
 

Өлкөбүздө “Улуу Жибек жолунун жылдыздары” фестивалы башталды

Бишкек, 7-сентябрь /Минара Ибраева-Кабар/. Өлкөбүздө экинчи ирет "Улуу Жибек жолунун жалдыздары" фестивалы башталды. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында, Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм-өнөр музейинин директору, сүрөтчү Юристанбек Шыгаев билдирди.

“ “Lions Club” Кыргызстанда 4 жыл мурун негизделген. Биздин өлкөдө анын 21 ге чукул мүчөсү бар. Алар ар кайсы багытта кызмат кылган кыргызга аттын кашкасындай таанымал инсандар”,-деп айтты музейдин директору.

“Биринчи фестиваль өлкөбүздө 2013-жылы өткөн. Эми экинчиси өткөнү жатат. Фестивалдын жүрүшүндө 10-сентябрда Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм-өнөр музейинде 6 мамлекеттен келген таланттуу жаштардын көргөзмөсү болот. Андан тышкары Германиядан келген белгилүү сүрөтчүлөрдөн атайын мастер класстар өтөт”,-деп кошумчалады Ю.Шыгаев.

Анын айтымында, иш-чара өкмөттүн, маданият министрлигинин , шаардык мэриянын колдоосу менен өтүп жатат. Иш-чаранын ачылышы бүгүн Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда болмокчу.

Жыйынтыктоочу бөлүгү 13-сентябрда Ысык-Көлдөгү “Рух Ордо” маданият борборунда өтөт.

 

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу