Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
18/08 11:35
 

Муфтият: “Ажылыкты уюштуруу бир системага салынгандыктан, коррупция жоюлду”

Бишкек, 18-август /Эмилбек Момунов-Кабар/. Эгер мурдагы жылдары мусулманчылыктын беш парзынын бир парзы болгон ажылык сапарды уюштуруу коррупциялык иштер менен коштолуп, ызы-чуу болуп келсе, быйыл андай терс көрүнүштөр байкалган жок. Анткени ажылык сапарга баруучулар чүчүкулак аркылуу тандалып алынып, акча банк аркылуу гана төлөнө баштагандыктан, ар кандай акча чогулткан коррупциялык жагдайлар ооздукталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары, ажылык сапарды уюштуруу штабынын мүчөсү Замир кары Ракиев билдирди.


“Мурдагы жылдары ажылык сапарды уюштуруунун тегерегинде коррупциялык иштер да жасалып, ызы-чуу менен коштолуп келгендиги жашыруун эмес болчу. Бактыга жараша акыркы мезгилде, айрыкча быйыл андай терс көрүнүштөрдү жоюуга жетиштик. Анткени зыяратчыларды тандап алуу чүчүкулак аркылуу жүргүзүлүп, акча банк аркылуу гана төлөнүп калды. Чүчүкулактан аты-жөнү чыкпай калгандар эч кандай ызы-чуу салбастан, “келерки жылы барып калармын” деп тынч кетишүүдө. Бирок мурда башаламандык болчу. Ошондуктан Кыргызстанга ажылык орунга Сауд Аравиясы тарабынан болгону 3600 гана орун бөлүнсө, иш жүзүндө баруучулардын саны бир орунга экиден, үчтөн туура келчү. Ошондуктан ажы башчылар жана муфтият менен динге тиешеси жоктор деле ортомчу болуп, коррупция орун алып кеткен. Азыр баардык цивилизациялуу өлкөлөрдө зыяратчылар чүчүкулак аркылуу тандалып алынат”,- деди Замир кары Ракиев.


Айрым маалымат каражаттары менен диний эксперттер ажылык сапарды уюштуруудагы коррупциялык көрүнүштөрдүн жоюлушун жана тынч өтүүсүн иш чараны ачык, айкын жана чүчүкулак менен банк аркылуу өткөрүү менен баалашууда. Ошондой эле быйыл дүйнөлүк кризиске байланыштуу зыяратчылардын да саны азайгандыгы байкалууда.


“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу