Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
22/04 18:04
 

Россиянын “кара тизмесиндеги” КРнын жарандарынын маселеси ыкчам тартипте каралат

Бишкек, 22-апрель /Алтынай Мураталиева - Кабар/. Россияга кирүүгө тыюу салынган “кара тизмеде” 700 миң жаран катталса, анын 60 миңи кыргызстандыктар болуп саналат. Бул туурасында бүгүн Бишкектеги басма сөз жыйынында КР эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, учурда РФ ФМК “кара тизмесине” капыстан түшкөн кыргыз жарандарынын маселеси боюнча кыргыз-россиялык иштиктүү топ түзүлгөн. “Бул маселе кечээ министр А.Алымкулов жана Россия ФМК жетекчиси К.Ромодановскийдин эки тараптуу жолугушуусунун алкагында талкууланган.

Министрлик өкүлү билдиргендей, ириде “кара тизмеге” капыстан киргизилген жарандардын, студенттердин жана аялуу катмарга кирген жарандардын арызы каралат. “Түзүлгөн топ тарабынан жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарылат, учурда бизге 18,5 миң адам кайрылып, өздөрүнүн кара тизмеде бар, же жоктугун аныктоого умтулууда. Натыйжада, алардын 18%ы ал тизмеге капыстан түшкөндүгү белгилүү болгон”, - деди ал.

Ошондой эле Д.Бекмурзаевдин айтымында, жолугушууда КР жарандары Россияга 2 жылга ишке орношуп, андан соң Россиядан чыкпай туруп, иштөө мөөнөтүн узартуу маселеси оң жагына чечилди.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу