ЖКнын Аппараты менен Иш башкармалыгынын кызматкерлери «Ататүрк» сейил багында ишембилик өткөрдү

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. Жогорку Кеңештин «Кыргыз Республикасынын аймагын жашылдандыруу тууралуу» токтомун аткаруу алкагында Аппарат менен Иш башкармалыктын кызматкерлери 19-апрелде ишембиликке чыгышты. Алар Бишкек шаарындагы «Ататүрк» сейил багын тазалап, көчөт отургузушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 2014-жылдын 5-мартында кабыл алынган Жогорку Кеңештин Токтомуна ылайык, ар жылдын 20-мартынан 20-апрелине чейинки аралыкта Кыргызстандын бардык аймагында жашылдандыруу иштери жүрмөкчү.