Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
18/04 14:40
 

Президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусунда каза болгон балдардын ата-энелерине көңүл айтты

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 17-апрелинде Баткен облусунун чек арага канатташ райондо буюм экен деп жардыруучу жабдыкты байкоосуздан кармап алып, кокустуктан 2 бала каза тапкандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алды. Мамлекет башчысы Бекболот Умаровдун, Нойгут Касымалы уулунун ата-энесине жана туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Президент ошону менен бирге жарылуунун натыйжасында жаракат алган 4 баланын тезирээк сакайып кетишин каалайт.
Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын (50 миң сомдон) жана жаракат алгандардын (25 миң сомдон) үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берүү, жапа чеккендердин үй-бүлөлөрүнө керектүү медициналык жардам жана көмөк көрсөтүү тууралуу тапшырма берди.
Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жетекчилерине жергиликтүү бийликтер менен бирдикте мындан ары ушул сыяктуу трагедияларга жол бербөө үчүн чара көрүү милдетин тапшырды.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу