Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
17/04 12:12
 

Эл өкүлү Кыргызстандын ар бир жаранын тазалыкты сактоого үндөдү

Бишкек, 17-апрель /Алтынай Мураталиева - Кабар/. Бүгүн парламент жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева Кыргызстандын аймагы таштандыга толуп бара жаткандыгын айтты.

Анын айтымында, Жалал-Абад-Ош трассасын бойлото жагымсыз абал орун алган, анда жол жүрүп бара жаткан унаалардан канчалаган таштандылар ыргытылып жатат. 

“Ал эми көл жээгине эс алганы барган миңдеген жарандар ал жерде таштандыларын калтырат. Учурда шаар чети, “Дордойдун” тегереги аянычтуу абалда. Бул жөнөкөй маселе болгону менен өлкө үчүн маанилүү нерсе болуп саналат. Ар бир ата-эне балдарына бул багытта туура тарбия берүүсү керек. Тийиштүү жерге таштанды ыргытканга моюн жар бербегендиги өкүнүчтүү. 

Мындай темп менен кетсек, жакынкы он жылдыкта таштандыга көмүлөбүз. Ошондуктан, экология жана жаратылышка жоопкерчилик менен мамиле кылуу ар бир жарандан башталып, мэрия жана өкмөткө дейре жүктөлөт”, - деди ал.

Депутат учурда желим буюмдарга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жаткандыгын билдирди.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу