Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/04 11:20
 

Президент А.Атамбаев Медакадемиянын жамаатын 75 жылдык мааракеси менен куттуктады

Бишкек, 16-апрель /Кабар/. Президент А.Атамбаев Медакадемиянын жамаатын 75 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу педагогдор жана студенттер!

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын 75 жылдык мааракеси менен куттуктайм! 

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын арасында өзгөчө орун ээлейт. Анын басып өткөн жолу Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын калыптануу тарыхына үндөш. Өлкөбүздүн калыптануу тарыхы.

Окуу жайынын негизин Москванын, Санкт-Петербургдун, Киевдин, Харьковдун, Ташкенттин жана Алматанын медициналык институттарынын окумуштуулары менен окутуучулары түптөгөн. 

Академик, СССР медициналык академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын президенти, Борбордук Азияда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган атактуу хирург Иса Коноевич Ахунбаев көп жылдар бою ушул жерде эмгектенип, кыргыз медицинасынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Медакадемияда жүздөгөн изилдөөлөр, диагностиканын жана дарылоонун жаңы ыкмалары иштелип чыккан. Какиш Рыскулова, Мирсаид Миррахимов, Мамбет Мамакеев, Дүйшө Кудояров, Миталип Мамытов, Санжарбек Данияров, Арстанбек Мурзалиев, Мария Нанаева өңдүү академиктердин, профессорлордун илимий-педагогикалык мектептери калыптанган. 

Ардактуу достор!

Өткөн муундардын, атактуу агаларыбыздын, эжелерибиздин эмгеги менен түптөлгөн Кыргыз медициналык академиясынын даңазалуу тарыхы, мыкты салттары сиздерди көп иштерге милдеттендирет.

Медициналык академия Дарыгер деген жогорку наамга татыктуу жаш адистерди даярдаган билим берүүчү жана илимий борборго айланууга тийиш. Кыргызстанга кызмат кылган, өлкөнүн жаркын келечегине салым кошкон мекенчил атуулдарга муктажбыз. 

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалайм. Кыргызстаныбыз тынчтыкта гүлдөп өнүгө берсин!”
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу