Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
10/04 18:22
 

КРнын өкмөтү: Республика боюнча митингден кийинки абал туруктуу

Бишкек, 10-апрель, /Кабар/. Бишкек, Ош шаарларындагы жана өлкөнүн бардык областарындагы коомдук-саясий абал туруктуу. Бул туурасында КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.
Белгиленгендей, оппозициянын митинги Бишкектеги М.Горький атындагы коомдук бакта аяктаган. Коомдук тартипти ички иштер органынын кызматкерлери көзөмөлгө алып турушкан. Митинг Ош жана Жалал-Абад шаарларында биринчи аяктаган. Каракол шаарында пландаштырылган митинг болгон эмес.
Ал жакта Каракол шаарынын бир нече жашоочулары, алардын ичинде аялдар жана аксакалдар чогулуп жатышкан жаштарды кубалашып, алар митинге каршы экенин жана өлкө боюнча туруктуулук сакталыш керек экенин билдиришкен.
Баткен, Ош, Нарын, Чүй жана Талас областарында эч кандай митинг өткөн жок. Ички иштер органынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызматын улантышууда.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу