Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
09/04 15:20
 

Россияга иштөөгө кетип жаткан кыргызстандык мигранттар өздөрүн “кара тизмеден” текшерүүсү керек

Бишкек, 9-апрель, /Ширин Төрөгелдиева - Кабар/. Россияга иштөө үчүн кетип жаткан кыргызстандык мигранттар өздөрүн Россия Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинен” текшерүүсү керек. Бул тууралуу бүгүн жалпы Коомдук кеңештин ХI жыйынында анын жетекчиси Айгүл Рыскулова билдирди. 

Анын айтымында, ар күнү Россия Федералдык миграция кызматына Федерациянын ар кайсы жеринде “кара тизмеге” катталган жана бул өлкөнүн мыйзам-ченемдерин бузган эмгек мигранттары жөнүндө маалыматтар келип жатат.

“Маалыматты “Манас” аэропортунан алууга болот. “Кара тизмек” жөнүндө бардык маалыматты Россия ФМКнын атайын сайтынан да табууга болот, бирок көпчүлүк кыргызстандыктар бул тууралуу билишпейт”, - деп билдирди А.Рыскулова.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу