07.04.2014, 16:16

Элдик Апрель революциянын баатырлары унутулбайт

Бишкек, 7-апрель /Сүйүн Тагаева - Кабар/. 7-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ала-Тоо» аянтындагы Элдик апрель революция күнүнүн төрт жылдыгына арналган иш-чаралардан кийин, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон баатырлардын бейитиндеги монументалдык тактага гүлчамбар коюп, аларды эскерди. 

Эскерүү аземине Жогорку Кеңешинин төрагасы, премьер-министр, курман болгондордун туугандары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Апрель окуясынын баатыры, жазуучу Кубанычбек Көкөтаев трагедиялуу окуяны өзүнүн ыр саптарында эскерди. 

Видео

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасында элге ок аткандарды өлүм жазасына тартуу керек деген оюн Курманбек Урмамбетов билдирди. Анын айтымында, 2010-жылдын 7-апрелинде жана андан кийин жарат алып курман болгондордун саны бүгүнкү күндө 103 киши болгону айтылууда.
 

Видео