Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
04/04 13:28
 

КР премьер-министри Ж. Оторбаев Талас облусундагы кырдаал боюнча жыйын өткөрдү

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Бүгүн, 4-апрелде КР премьер-министри Жоомарт Оторбаев укук коргоо жана республикалык профилдик органдардын жетекчилери менен Талас облусунун Бакай-Ата районундагы жергиликтүү жашоочулар стратегиялык Талас-Тараз жолун тоскон жана Шыралжын кениндеги иштерди токтотуу талабын койгон кырдаал боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев Боо-Терек айылындагы окуя жергиликтүү бийлик органынын, кенди иштетүүчү компаниянын жана түздөн –түз Өкмөткө караштуу Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетишсиз ишинин натыйжасы болуп саналарын белгиледи.

«Окуянын ушундай болуп кетерин алдын ала көрө билип, түздөн-түз каршылыкка жол бербөө үчүн жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек болчу. Азыр менин тапшырмам боюнча Талас облусунда түзүлгөн карама-каршы кырдаалды жөнгө салуу үчүн КР вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев жана Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдер жөнөп кетишти. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева окуя болгон жерде жана айылдыктар менен жолугушууда», - деди Ж. Оторбаев.

Өз кезегинде өлкөнүн ички иштер министри Абдулда Суранчиев каршылык акциясынын жүрүшүндө 20 милиция кызматкери жабыркап, алардын 18и жеңил жана орто оордуктагы жаракат алышкандыгын билдирди. «Митингчилерди таратуу үчүн үндүү граната жана курал укук коргоо кызматкерлери тарабынан колдонулган эмес. Боо-Терек айылындагы окуя учурунда бир дагы жергиликтүү жашоочу жабыркаган жок», - деди ИИМ жетекчиси.

Жыйындын соңунда Ж. Оторбаев «Алтын Күмүштак Майнинг» компаниясынын мурда өзүнө алган жакынкы айылдардын жашоочуларына социалдык жардам берүү боюнча убадасынын, ал эми жергиликтүү жана райондук администрациянын – компания тарабынан бөлүнгөн каражаттын туура бөлүштүрүлүшү боюнча ишмердүүлүктөрүн текшерүүнү тапшырды.

Белгилей кетүүчү жагдай, Комиссия Шыралжын аянтында ишти жандандырбоону сунуштаган.
.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу